Кыргызстандык окуучулар Евразиялык олимпиадада 21 медаль жеңип келишти - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2025

Кыргызстандык окуучулар Алматыда өткөн информатика боюнча Евразиялык XVII олимпиадада эң мыкты жыйынтыкка жетишти. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.

Олимпиаданын жыйынтыгында кыргызстандык окуучулар 6 алтын, 9 күмүш, 6 коло медаль утуп, дагы үч катышуучу сертификатка ээ болгон.

15–16-декабрь күндөрү өткөн билим таймашына 200дөн ашык окуучу катышып, Кыргызстандын атынан 24 окуучу барган.

Алтын медалдын ээлери:

Алихан Айдарбеков — 12-класс, "Сейтек STEM" мектеби;

Рамазан Мананов — 10-класс, "Сейтек STEM" мектеби;

Абдуллахан Абдирасулов — 10-класс, "Сейтек STEM" мектеби;

Эмирхан Сыдыкбаев — 8-класс, "Газпром Кыргызстан" мектеби;

Арлан Саят — 8-класс, "Газпром Кыргызстан" мектеби;

Ариет Акимов — 8-класс, "Газпром Кыргызстан" мектеби.

Күмүш медаль уткандар:

Ислам Зымчыбеков — 11-класс, Таластагы "Манас Ата" лицейи;

Байыш Миңбаев — 11-класс, Купуев атындагы академия;

Азамат Алишеров — 11-класс, Жалал-Абаддагы Курманбек баатыр атындагы лицей;

Али Арапов — 10-класс, "Сейтек STEM" мектеби;

Нурислам Карыпжанов — 11-класс, Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицей;

Бектен Абдувалиев — 8-класс, International School of Kyrgyzstan (Ош);

Адилхан Кадыров — 10-класс, Нарын шаарындагы М. Субакожоев атындагы лицей;

Саид Жаникеев — 10-класс, "Сейтек STEM" мектеби;

Али Алмазов — 10-класс, Жайыл баатыр атындагы жалпы билим берүү лицейи.

Коло медалдын ээлери:

Актан Мавлянов — 9-класс, Intellect school жеке мектеби;

Аруубек Баймырзаев — 9-класс, "Акылман" президенттик лицейи;

Азирет Исраилов — 9-класс, Intellect school жеке мектеби;

Андрей Филиппов — 11-класс, Бишкектеги №61 мектеп-лицей;

Сабыр Алымбеков — 10-класс, "Маариф" билим берүү комплекси;

Айтегин Базаркулов — 11-класс, Бишкектеги №61 мектеп-лицей.

Сертификат алган катышуучулар:

Байтур Ажыбаев — 10-класс, Жалал-Абаддагы Курманбек баатыр атындагы лицей;

Аман Досалиев — 9-класс, Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицей;

Абдумалик Матанов — 9-класс, Бишкектеги Ч. Айтматов атындагы лицей.

Булак: sputnik.kg