КР УКМК жетекчилиги, Ардагерлер кеңеши жана өздүк курамы генерал-майор Бошкоев Жоомарт Тербишалиевичтин 2025-жылдын 18-декабрында мезгилсиз каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Жоомарт Тербишалиевич 1949-жылы 19-ноябрда Талас облусунун Талас шаарында туулган. Ал 1970-жылы В.И.Ленин атындагы жогорку аскердик командалык окуу жайын аяктаган.
1981-1998-жылдары Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук органдарында кызмат өтөп, ар кандай жетекчилик кызматтарды ээлеген. Анын кесиптик ишмердүүлүгүнүн басымдуу бөлүгү Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчилиги менен байланышкан. Мамлекеттик күзөт башкармалыгынын (кийин — УКМК/МКК) жетекчиси кызматында Жоомарт Тербишалиевич Бошкоев мамлекеттин биринчи адамдарынын жана өлкөнүн стратегиялык маанилүү объектилеринин коопсуздугун камсыз кылуунун заманбап системасынын фундаменталдуу негиздерин түптөгөн.
Ардактуу отставкага чыккандан кийин "Мамлекеттик күзөт ардагерлеринин Кеңеши" коомдук бирикмесин жетектеп, активдүү коомдук ишмердүүлүгүн уланткан. Жоомарт Тербишалиевич күч түзүмдөрүнүн ардагерлерин колдоого, ошондой эле кызматкерлердин жаш муундарын офицердик ар-намыс, кесипкөйлүк жана ант берүүгө берилгендик рухунда тарбиялоого өзгөчө көңүл бурган.
Мамлекетке көрсөткөн өзгөчө кызматы, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун чыңдоого кошкон олуттуу жеке салымы үчүн генерал-майор Д.Бошкоев мамлекеттик сыйлыктар, ведомстволук медалдар жана ардак грамоталар менен сыйланган. Анын ысымы көз карандысыз Кыргызстандын коопсуздук органдарынын калыптануу жана өнүгүү тарыхына түбөлүккө жазылып калды.
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин жетекчилиги жана кызматкерлери маркумдун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат. Жоомарт Тербишалиевич Бошкоевдин жылуу элеси кесиптештеринин, досторунун жана окуучуларынын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.
Жоомарт Тербишалиевич менен коштошуу зыйнаты төмөнкү даректе өтөт: Бишкек шаары, А. Токомбаев көчөсү, 27-үй, 23-батир.
