Свердлов РИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, окуя 13-декабрда Чүй проспектисиндеги «Балдар дүйнөсү» соода борборунун жанында болгон.
Видеодон жеңил унаанын айдоочусу автобуска кире калып эле айдоочуну уруп жибергенин көрүүгө болот. Ошол учурда автобус жылып кетип, кол көтөргөн айдоочунун унаасына урунган.
Факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталып, 1994-жылы туулган А.К. милицияга жеткирилген. Ага карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар кодексинин 126- беренеси (майда бейбаштык) боюнча протокол түзүлдү. Ал 5 суткага да камалган.
Булак: govori.tv