Кечээ, 15-декабрда УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өлкөнүн күч түзүмдөрүнүн генералдарын чогулткан.
Бул жолугушуу тууралуу милициянын генерал-майору Феликс Кулов соцтармактагы баракчасына билдирүү калтырды. Айтымында, ага жолугушуу тууралуу маалымат чыгаары менен иш-чарада кандай маселелер көтөрүлгөнүн айтып беришин суранып көп адам телефон чалган.
"Биринчиден, жолугушуу чынында Президент - Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Жогорку Башкы колбашчысы Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен болду. Аскер бөлүктөрүнүн биринин ачылышына мен катышкам, ошол жерде ушундай тапшырма берилген болчу.
Экинчиден, УКМКнын имаратындагы жолугушуу формалдуу эмес, иштик мүнөздө болду. Атмосфера протоколсуз катаалдыксыз болгондуктан, ачык жана маанилүү сүйлөшүүгө жол ачты", - деп жазды Кулов.
Ал генерал Камчыбек Ташиев 40 мүнөттөй сөз сүйлөгөнүн, Министрлер Кабинетинин, Куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын жана башка мамлекеттик түзүмдөрдүн ишмердүүлүгүнө байланышкан маселелер тууралуу конкреттүү цифралар жана фактылар менен билдирүү жасаганын белгилеген.
"Чакырылгандар, Коргоо министрлигинде кызмат өтөгөн генералдар Камчыбек Ташиевдин курал-жарак маселелерин жана күч түзүмдөрүнүн тактикалык колдонулушун терең түшүнгөнүн өзгөчө белгилешти, ал белгилүү чек ара чыр-чатактарында биздин жооп кайтаруу аракеттерибизге кеңири токтолду.
Бир дагы маселе көңүл сыртында калган жок. Аны менен катар ал бул иштердеги өзүнүн ролуна басым жасабады, Президенттин тапшырмасын аткарганын баса белгиледи", - деди Кулов.
Ошондо эле ал Камчыбек Ташиевдин жолугушууда айткан бир фразасын кайталады:
"Бизге өлкө экономикасын өнүктүрүү үчүн иштөө кызыктуу жана биз бул иштердин жыйынтыгы үчүн эл алдында жоопкерчилик алабыз".
Ошондой эле Кулов белгилегендей, жолугушуудан кийин Камчыбек Ташиев менен биринчи жолу жеке баарлашкан генералдар анын түздүгүн жана улууларга урмат-сый менен мамиле кылаарын байкашканын айтышкан.
"Ошол эле учурда көпчүлүк анын "тажрыйба отставкага кетпеши керек" деген каалоосун кантип ишке ашырууну, жаш муунга тажрыйбаны кантип өткөрүп берүүнү ойлонушту", - деп жазды Феликс Кулов.