Жакында соцтармактарга Алайкууда калың жааган карды жиреп мектепке барган кичинекей баланын видеосу жарыяланган. Мындан улам баланын билимге болгон умтулуусун баалаган президент Садыр Жапаров аны президенттик балатыга чакырды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.
"Президентибиз Садыр Жапаров билимге умтулган, аракетчил жаштарды көргөндө өзгөчө кубанып, аларды мамлекетибиздин жаркын келечеги деп эсептейт. Социалдык тармактарда 1 метрге жакын жааган карды жиреп, кыйынчылыкка карабай мектепке барган 4-класстын окуучусунун видеосун барыбыз эле көрдүк окшойт.
Бул видеону Садыр Нургожоевич өзү да көрүп, оор шартка карабай билим алууга болгон умтулуусун көрсөткөн кичинекей баланын аракетине абдан ыраазы болду. Президентибиз мындай өжөр жана шыктуу балдар өзгөчө колдоого татыктуу экенин белгилеп, аны президенттик балатыга чакыргыла деп тапшырма берди. Мындан тышкары билимге умтулган окуучуга мамлекет башчысынын атынан белек даярдалууда", - деп жазды
Ал белгилегендей, Нурзаман Алмазбеков Кара-Кулжа районунун Коо-Чаты айылындагы “Айдың-Көл” башталгыч мектебинин 4-классынын окуучусу. Алты бир туугандын төртүнчүсү. Атасы Алмаз 39 жашта, апасы апасы Жумагүл 38 жашта, экөө тең үй чарбасы менен алек. Нурзаман мектептеги алдыңкы окуучулардын бири, математика жана кыргыз адабияты сабагына көп көңүл бурат. Ошондой эле сүрөт тартууга, спорттун футбол түрүнө шыктуу.