"Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинде мамлекет үчүн жанын берип, берилгендик менен кызмат кылып, мамлекет үчүн турабыз, алдыга жылдырабыз деген кызматкерлерим өтө көп. Мен аларга ишенем жана алар менен биргеликте бул ишти бүтүрөбүз", - деп билдирди Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев.

 

"Биз кайсы бир топко каршы эмес, бүтүндөй бир доорго, ошол мезгилде жашаган коомдун калың катмарына каршы күрөш жүргүздүк. Бул күрөштү акырына чейин чыгабыз деп ойлойм", - деп кошумчалады УКМК төрагасы.