"Азиз" базарында чыккан өрт саат 10:16да чектөөгө алынды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.

Өрттүн аянты болжол менен 500 чарчы метрди түзөт. Жабыркагандар жок.

Белгилей кетсек, өрттү өчүрүү иштери саат 08:58ден тартып уланууда.

Азыркы сааттарга карата жалпы 8 бөлүм, штаб, оперативдүү топ дрону менен жана 3 суу ташуучу унаа тартылган.

Булак: Кабар