Курулуш, архитектура жана коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаевдин айтымында, 2024-2025- жылдары Кыргызстанда бир дагы мыйзамсыз курулуш аныкталган жок. Анткени көзөмөл катаалдашты жана тартип бекемделди. 

“2023-жылы 200гө жакын мыйзамсыз курулуштар аныкталган. Анын 100гө жакынын тийиштүү инженердик изилдөөлөрдү жүргүзүп легалдаштырып, эксплуатацияга бердик, учурда техникалык паспортторун алып жатышат”, - деди Орунтаев.

Айтымында, эгерде курулушта мамлекет тарабынан берилген QR-код же техникалык паспорт жок болсо, анда ал курулуш мыйзамсыз деп саналат. Мыйзамсыз курулушка барган компанияга бир катар чара көрүлөт. Алар:

- айыппул салынат;

- курулуш токтотулат.

- компаниянын лицензиясы артка кайтарылат;

- компания башка курулуштарга катышал албайт.