
Баткен облусуна болгон иш сапарынын жүрүшүндө КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы генерал-полковник Камчыбек Ташиев “Жаңы-Жер” чек ара заставасына барып, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттары, турмуш-тиричилиги жана алардын үй-бүлөлүк жашоо шарттары менен таанышты.
Заставанын өздүк курамы менен жолугушуунун жүрүшүндө УКМК башчысы жоокерлердин бош убактысына кызыгып, аскер кызматкерлери колдонгон музыкалык аспаптарды байкады.
Жоокерлер комуз чертүүнү үйрөнүп жатканын уккан генерал-полковник Ташиев улуттук маданий мурастарды сактоонун маанилүүлүгүн баса белгиледи.

«Гитара экинчи орунда болсо деле болот, бирок комуз биринчи орунда турсун. Бул биздин ата-бабаларыбыздын мурасы, биздин өздүгүбүздүн бир бөлүгү. Комуздун аркасында биз кыргыз катары сакталып калдык жана бул салтты келечек муундарга өткөрүп беребиз» - деп белгиледи төрага.
Ошондой эле, УКМК башчысы аскер кызматкерлери менен аскердик кызмат өтөө жана жашоо шарттарын талкуулады. Уставка каршы мамилелер боюнча берилген суроого жооп берип жатып, аскер кызматкерлери учурда мындай фактылар жок экенин билдиришти.
Чек арачыларга кайрылуусунда генерал-полковник аскерлердин ичиндеги өз ара сый-урматтын жана биримдиктин маанилүүлүгүн баса белгиледи:
"Силер аскерде кызмат өтөп, курал-жарак көтөрүп, чоң жоопкерчиликти сезип жатасыңар. Бири-бириңерди колдогула, муктаж болгондорго жардам бергиле. Эч кандай кысым болбошу керек — болгону өз ара жардамдашуу жана жолдоштук болушу шарт."
Сапарынын аягында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы заставанын аймагындагы Түбөлүк отто курман болгон баатырлардын элесине урмат көрсөтүп, ошондой эле аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнүн жашоо шарттары менен да таанышып чыкты.
Андан кийин генерал-полковник Камчыбек Ташиев Сүлүктү шаарында кызмат өтөгөн аскер кызматкерлерине 64 кызматтык батирдин ачкычтарын салтанаттуу түрдө тапшырды.
Чек арачылар жана алардын үй-бүлөлөрү менен сүйлөшүп жатып, УКМК башчысы Тажикстан жана Өзбекстан менен мамлекеттик чек ара маселелери чечилгенден кийин, мамлекет коргонуу жана чек ара түзүмдөрүн колдоо чараларын күчөтүп жатканын белгиледи.
Жакынкы аралыкта алыскы жана чек арага жакын жайгашкан конуштарда кошумча тейлөө имараттарын жана инфраструктуралык объектилерди куруу пландаштырылып жатканы айтылды.
«Сиздер чек аранын эң татаал участокторунда кызмат өтөйсүздөр. Сиздердин туруктуулугуңуздардын жана берилгендигиңиздердин аркасында коопсуздук камсыз кылынды жана өлкөнүн аймактык бүтүндүгү сакталды. Мамлекет силердин жана силердин үй-бүлөңөр үчүн бардык зарыл шарттарды түзүүгө милдеттүү», - деп баса белгиледи Камчыбек Ташиев.
УКМК төрагасы аскер кызматкерлеринин үй-бүлөлөрүнө ыраазычылык билдирип, кызмат өтөө учурунда аскер кызматкерлеринин бардык кыйынчылыктарын тең бөлүшкөн жубайларынын жана жакындарынын маанилүү ролун белгиледи. Алар үчүн бардык зарыл шарттар менен толук жабдылган заманбап батирлер курулганы кошумчаланды.
Ошондой эле, К.Ташиев социалдык тармакты өнүктүрүү максатында 64 батирдин үчөө Сүлүктү шаарындагы медициналык кызматкерлерге бериле турганын, бул медициналык кызматкерлерди колдоого жана ведомстволор аралык кызматташтыкты чыңдоого маанилүү салым болорун белгиледи.

