Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын төрагасына жогорку атайын наам ыйгаруу тууралуу Жарлыкка кол койду.

Жарлыкка ылайык, Алмамбет Шыкмаматовго «Салык кызматынын экинчи рангдагы мамлекеттик кеңешчиси» наамы ыйгарылды.

Жарлык Конституцияга, Салык кодексине, ошондой эле "Аскердик наамдарды, класстык чендерди, атайын класстык чендерди жана атайын наамдарды белгилөө жөнүндө" Мыйзамга ылайык кол коюлду.