УКМК тарабынан Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык психиатрия жана наркология борборундагы коррупциялык схема токтотулду. 

Атайын кызматтын маалыматына караганда, Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Республикалык психиатрия жана наркология борборунда соттук-психиатриялык эксперттердин туруктуу коррупциялык схемасы аныкталган. Тактап айтканда, кызматкерлер КР Кылмыш-жаза кодексине ылайык оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыпталган адамдарга карата "акыл-эси жайында эмес" деген корутунду чыгарып, кылмыш жоопкерчилигинен качууга мүмкүндүк беришкен жана бул "кызматтары" үчүн акча алышкан.

Мисалы, ушул жылы аталган борбордун алты эксперт-дарыгери Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Баңгизаттарды, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча айыпталган М.А.А. аттуу кыргыз жаранына эки жолу соттук-психиатриялык экспертиза жүргүзүшкөн. Айыпталуучунун туугандарынан 1,5 миллион сом алып, андан соң "акыл-эси жайында эмес" деген корутунду чыгарып беришкен.  Мындай корутунду айыпталуучуга кылмыш жоопкерчилигинен качууга мүмкүнчүлүк берген.

2025-жылдын 10-декабрында аталган кылмыш ишинин алкагында КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык психиатрия жана наркология борборунун 6 эксперт-дарыгери: 1950-жылы туулган А.Дж., 1966-жылы туулган Ш.Н.Т., 1969-жылы туулган Ч.Ю.В., 1971-жылы туулган К.Ж.Р., 1972-жылы туулган С.Л.Л., 1997-жылы туулган З.М.Д. кармалып, КР УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Алар жогоруда айтылган 2 жолку соттук-психиатриялык экспертизаны жүргүзүшкөн.

КР УКМК аталган коррупциялык схемага тиешеси бар КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Республикалык психиатрия жана наркология борборунун башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча бир катар ыкчам-иликтөө иш-чараларын улантууда.