УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Баткен облусундагы Раззаков жана Максат айылдарынын тургундары менен жолугушту.

Ташиевге Раззаков айылында жергиликтүү бийлик тарабынан уюштурулган жолугушуу жаккан жок. 

"Мага чыныгы жолугушуулар керек, спектаклдин кереги жок. Жасалма жолугушууларды кылбагыла. Мен эл менен жолугуп, алардын маселесин чечейин деп келдим. Эмнеге эл менен жолугуштургандан коркосуңар? Элди киргизбей, төрт адамды коюп коюптурсуңар", - деген Ташиев жергиликтүү элдин баарын чакырды. 

"Элди киргизбей, дежурлар менен кетирип коеюн деп жатышат. Эрте менен саат 5те туруп, элге жолугуп, маселесин угайын деп келдим", - деди күлүп. 

Эске салсак, бул айылга Тажикстан менен чек ара такталгандан кийин коңшу өлкөнүн аймагында калып кеткен айылдардын жашоочулары мамлекет тарабынан курулуп берген үйлөргө көчүрүлгөн. 

Ташиев жергиликтүү тургундардан үйлөрдүн абалы, сапаты, суукка чыдамдуулугу тууралуу сурады. Ошондой эле маселелерин укту. 

"Коррупция болбой жатабы? Бул жерде губернатор, аким, айыл өкмөт башчылары турат, булар тарабынан мыйзамсыз иштерге күбө болгон болсоңуздар айтыңыздар. Азыр алып кетем", - деп Максат айылындагы жолугушууда тамаша-чын иретинде белгиледи. 

Жергиликтүү тургун коңшу өлкөнүн аймагында калып кеткен айылда эки уулу жана өзү үч үйдө жашашканын, жаңы айылга келгенде бир уулуна үй тийбей калганын билдирди. 

Бул боюнча Камчыбек Ташиев губернаторго тапшырма берди, мыйзам чегинде комиссия карап чыгып, аксакалдын маселесине кайсы бир жоопту берүүнү табыштады. 

Андан сырткары, балдарды ташууга айылга эки транспорт берүү тапшырмасын да тиешелүү жетекчиликке койду. 

Максат айылында 16 турак жай курулган. 116 чарчы метр - баары бирдей аянтта. Ички жасалгалары бүтүрүлгөн, учурда суу тартуу иштери жүрүүдө.