Кечээ, 11-декабрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Сүлүктү шаарындагы аскер кызматкерлерине 64 батирдин ачкычын тапшырды.
Ал мамлекет аскер кызматкерлеринин жашоо жана иштөө шарттарын жакшыртууга көңүл буруп жатканын, ага ылайык, аскер кызматкерлери дагы мамлекетке берилүү менен кызмат өтөшү керектигин белгиледи.
"Урматтуу президентибиз Садыр Жапаровдун биздин алдыбызга койгон негизги тапшырмаларынын бири - чек арабызды кынтыксыз кайтаруу, чек арадагы ар кандай укук бузууларга адекваттуу жооп берүү жана чек арада кызмат өтөгөн кызматкрелердин жашоо-шартын жакшыртуу.
Урматтуу жоокерлер!
Сиздер мамлекетибиздин эң оор, эң кыйын, эң катаал жеринде, эң катаал мезгилде кызмат кылдыңыздар. Баатыр уулдарыбызды, жоокерлерибизди жоготтук. Көп жоокерибиз жарадар болду. Көп үй-бүлө аксап калды. Ага карабай биз алдыга койгон тапшырманы аткарып, мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калдык. Ал маалда чек ара такталбаган болсо, бүгүнкү күндө толук такталып, чек ара тосмолору орнотулуп эатат. Мамлекет учурда чек арасын толук тактап бүттү. Эми Кыргызстан юридикалык жактан чыныгы коопсуз, эгемен өлкөгө айланды", - деди Ташиев.
Ошондой эле УКМК төрагасы жергиликтүү бийликке кайрылып, Сүлүктү шаары эгемендик алган жылдардан кийин такыр каралбай калганын, акыркы жылдарда чек арачылар бул шаарга көчүрүлгөнүнөн улам, мамлекет камкордук көрүп атып, учурда аздыр-көптүр өзгөрүү башталганын кошумчалады.
Андан сырткары, Камчыбек Ташиев чек арачыларга курулган көп кабаттуу үйдүн 3 батиринин ачкычын Сүлүктүдөгү дарыгерлерге тапшырды.
"Чек арабыз тынч болсун, мындан ары аскер кызматкерлер тынчтыкта, тынчтыкты сактоо максатында гана кызмат кылсын!" - деди УКМК төрагасы.