Саат 21:00гө карата Бишкек — Нарын — Торугарт жолундагы Түз-Бел ашуусуна унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилди.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, аталган аймакта катуу бороон болууда. Шамал басылары менен аймакты караган Жол тейлөө ишканасы тарабынан тазалоо иштери уланат.

Белгилей кетсек, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк ашууларда кар жаап, жолдорго чектөөлөр киргизилген. Жол тазалоо иштери тынымсыз жүрүүдө.