"Манас" театрындагы кырдаалды иликтөө үчүн комиссия түзүлдү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Ведомстводон белгилешкендей, 9-декабрда социалдык тармактарда Кыргыз улуттук "Манас" театрында бир катар манасчылардын ортосунда чыр-чатак чыккандыгы тууралуу маалыматтар чыккан.

Аталган жагдайды жеринде тактап, объективдүү баа берүү максатында министрлик атайын комиссия түздү.

Иликтөө толук бүткөн соң, коомчулукка анын жыйынтыктары боюнча маалымат берилет.

Булак: Кабар