"Автовнештранс" (азыркы"Автовнештранс" ЖАК) мамлекеттик ишканасынын Ысык-Көл бөлүмүнүнө караштуу жалпы аянты 7245,74 чарчы метр  мүлктүк комплекске жана аянты 50 миң 414 чарчы метр жер участогуна карата текшерүү иштери УКМК тарабынан жүргүзүлдү. 

Бул  УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин жана мүлк комплекстерин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча мамлекеттик саясатты ишке ашыруунун алкагында жасалды. 

Тергөө-ыкчам иш-чаралардын жыйынтыгында, буга чейин ал жердин ээси деп эсептелген жаран ал комплекстерге жана жер участокторуна ээлик кылуусу мыйзамсыз экенин түшүндү жана мамлекеттин балансына өз ыктыяры менен кайтарып берди.