Быйыл мамлекеттик мекемелерге жаңы жылдык корпоративдик иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салынат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев мэриянын жыйынында билдирди. 

"Бир нече жолу биз жетекчилерге тапшырмаларды бергенбиз. Аны биринчиси - корпоратив боюнча. Эгерде кимдир бирөө жаңы жылдык корпоратив өткөргүсү келсе, ошончолук эле акчасы көп болсо, социалдык үйлөргө барып өткөрсүн. Корпоратив өткөргөндөрдү көрбөйүн", - деди мэр. 

Ал бардык түзүмдүк бөлүмдөрдүн өкүлдөрүнө, жетекчилерге жаңы жылдык белек үчүн акча чогултууга тыюу салууну тапшырды. Бул тапшырманы аткарбагандар ошол күнү кызматтан кетээрин кошумчалады.