Кечээ, 1-декабрда коомчулукка бир караганда таң калаарлык көрүнгөн жаңылык тарады. Саламаттыкты сактоо министри Эркин Чечейбаев кызматтан кетип, анын ордуна УКМКда жетекчилик кызматтарда иштеп келген Каныбек Досмамбетов дайындалды. Чекист саламаттыкты сактоо тармагын жетектейби? Анда нечен жылдардан бери келаткан ар бир тармакты ошол тармактын профессионалы гана жетектеши керек деген түшүнүк кайда калды? Албетте, бул кабарды алгач уккан адамда ушундай суроолор жаралаары бышык. Бул суроолорго КР Президенттик администрациянын маалыматтык саясат бөлүмүнүн жетекчиси Дайырбек Орунбеков соцтармактагы баракчасы аркылуу жооп берди.
"Саламаттык сактоо министрлигине келген жаңы жетекчи буга чейинки министрлерден айырмаланып, бул тармактын ичинен эмес, башка тармактан дайындалды. Каныбек Досмамбетов мурда УКМКнын коррупцияга каршы кызматында жетекчилеринин бири, ушул кезге чейин УКМКнын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгын жетектеп иштеген.
Ал кыска аралыкта облус боюнча бардык тармактарды терең анализдеп, олуттуу реформаларды жүргүзө алды. Натыйжада мурда коррупциялык жол менен жеке колдорго өтүп кеткен мүлктөр мамлекетке кайтарылды, ишкерчиликтеги ири коррупциялык схемалар жоюлду, бизнес ээлери расмий каттоодон өтүп иштей баштады. Ошондой эле тоо-кен тармагындагы кен иштетүү көзөмөлгө алынып, тартип орнотулду. Инвесторлорду тартуу аркылуу социалдык имараттарды курууда салымы чоң.
Бүгүнкү күндө саламаттык сактоо тармагы да терең реформага, олуттуу өзгөрүүлөргө муктаж. Ушул себептен улам буга чейин өзүн реформатор жана мыкты менеджер катары көрсөтө алган Каныбек Досмамбетов министр болуп тандалды.
Айрым сынчылар арасында “өзү врач болбосо, кантип саламаттык сактоо министри болот?” деген пикирлер айтылышы мүмкүн. Бирок анын орун басарлары тармакты мыкты түшүнгөн, медицина системасында көп жылдан бери иштеген адистер болот. Ал эми Досмамбетов жетекчи катары саламаттык сактоо тармагында узак убакыттан бери түзүлүп калган коррупциялык схемаларды жоюп, тартип орнотууга негизги басым жасайт.
Баарыбызга белгилүү болгондой, саламаттык сактоо тармагында клан-клан болуп бөлүнүү, ички интригалар өтө күчтүү. Мындай системаны анын ичинен чыккан адам өзгөртө албай турганын убакыт көрсөттү. Анткени ал кайсы бир топтун кызыкчылыгын коргоого аргасыз болот же кескин реформаларга бара албайт. Ошондуктан бул тармакка коррупцияга жол бербеген, эч бир топко көз каранды эмес, тартип орнотууга эрки жеткен министр келди деп айтууга негиз бар.
Тартипке негизделген реформанын жыйынтыгын көп өтпөй эле эл өзү сезе баштайт деп ишендирип кетебиз", - деп жазды Орунбеков.