Бишкек шаарында мас абалында унаа башкарган айдоочу жөө жүргүнчүнү сүзүп, окуя болгон жерде каза болгон. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, кырсык кечээ, 30-ноябрда таңга маал Жайыл баатыр көчөсүндө болгон. 19 жаштагы Т.Н. аттуу айдоочу Hyundai Sonata үлгүсүндөгү автоунаасы менен бара жатып 19 жаштагы К.А. аттуу кызды сүзүп кеткен. Жөө жүргүнчү окуя болгон жерде каза болгон.

Милиция кызматкеринин маалыматы боюнча, кырсык учурунда айдоочу мас абалында болгон.

Бул факт каттоого алынып, тергөө иштери башталды. Кылмыш-жаза кодексинин 96-беренесинин негизинде айдоочу кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми унаа айып короого токтотулду.

Булак: koom.press