2009-жылы туулган Марсел Эсенкулов изделүүдө, деп маалымдады Ленин РИИБдин басма сөз кызматы.
Ал 27-ноябрда саат 18:30 чамасында Новопавловка айылындагы үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып барган эмес.
Белгилери: бою 1м 70 сантиметрдей, орто дене түзүлүштө, кара түстөгү узун чачтуу, кой көздүү.
Кийген кийимдери: кара футболка, кара шым, кара түстөгү үстүңкү кийим, кара спорттук бут кийим.
Милиция Марселдин жүргөн жери тууралуу маалыматы бар жарандарды 0707 044 408 же (0312) 35-29-47 номурлары аркылуу байланышууга чакырат.
Булак: Баракелде