30-ноябрда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоого эл аралык уюмдардын бир миңден ашуун байкоочулары баам салышты.
Алардын арасында Кыргызстанда буга чейин өткөн шайлоолорго да байкоочу болуп катышкандар бар.
Алардын бири Алена Булгакова бул жолку шайлоонун деңгээли бир топ жогорулаганын билдирди.
"Кыргызстандагы парламенттик шайлоого байкоочулук кылуу мен үчүн сыймыкка айланды. Анткени өлкөнүн электоратынын маданияты өскөнү байкалды. Шайлоо күнү бир нече шайлоо тилкесинде болдум жана баарында ушул көрүнүштү байкадым. Байкоочулардын көбү жаштар. Аларга шайлоонун таза, бийик деңгээлде өтүп жатышына, аралыктан добуш берүү сыяктуу өзгөчө ыкмалардын колдонулушуна баам салуу кызыктуу болуп жатат", - деди Булгакова.