Бүгүн, 30-ноябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүп жатат.
Саат 08:00дө өлкө аймагы боюнча 2492 шайлоо тилкеси ачылып, добуш берүү башталганы кабарланды.
Кыргызстандын учурда чет мамлекеттерде жүргөн жарандары үчүн 100 шайлоо тилкеси түзүлгөн.
Андан сырткары 27 аралыктан добуш берүү тилкеси иштейт. Абамайдандарында (учуу жана конуу зоналарында), ири базарларда, соода борборлорунда, тергөө абагында, медициналык мекемелерде жана адамдар көп топтолгон башка жайларда да добуш берүү тилкеси иштейт.
Учурда Кыргызстанда 4 млн 294 миң 243 шайлоочу катталган. БШК билдиргендей, алар:
- эркектер – 2 млн 81 миң 514, же 48,47%;
- аялдар – 2 млн 212 миң 729, же 51,52%.
Жаш курагы боюнча:
- 18 жаштагылар – 104 миң 693, же 2,44%:
- 19-35 жаштагылар – 1 млн 707 миң 851, же 39,77%
- 36-45 жаштагылар – 923 миң 975, же 21,52%
- 46-55 жаштагылар – 650 миң 851, же 15,16%
- 56-65 жаштагылар – 528 миң 771, же 12,31%
- 66 жаштан жогоркулар – 378 миң 102, же 8,80%.
Ал эми 460 талапкер катталган.