Кыргызстандан тышкаркы аймактарда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо активдүү уланып жатканын КР ТИМден билдиришти.

Россия, Япония, Корея, Кытай, Малайзия жана Монголияда түзүлгөн 22 шайлоо тилкесинде добуш берүү жүрүп жатат.

Бишкек убактысы боюнча саат 08:00гө карата добуш бергендердин саны 620 адамды түздү. Добуш берүү процесси штаттык тартипте өтүп жатат.

Жакынкы сааттарда башка чет өлкөлөрдөгү калган шайлоо тилкелеринин ачылышы күтүлүүдө.