Кыргызстанда «элиталык импорттук продукция» делген шылтоо менен мөөнөтү өтүп кеткен тамак-аш азыктарын системалуу түрдө ташып келүүнүн, жасалмалоонун жана сатуунун кылмыштуу схемасы аныкталып жана ага бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, 10 жылдан ашуун убакыттан бери өлкөбүздүн базар чөйрөсүндө премиум-гастромаркеттин атын жамынып иштеп келген «Корзинка 312» ЖЧКсынын негиздөөчүсү, КР жараны, 1988-жылы туулган «З.С.Н.» 5-6 жылдан бери өлкө аймагына мөөнөтү өтүп кеткен, чет өлкөдөн арзандатылган баада алынган тамак-аш азыктарын ташып жүргөн.
2025-жылдын 10-июнунда «Корзинка312» ЖЧКсына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 279-беренесинин 1-бөлүмүндө жана 379-беренесинин 3-бөлүмүндө каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Козголгон кылмыш ишинин алкагында аталган жаран, чет өлкөлүк сатуучулар менен тил табышып, жок кылууга багытталган мөөнөтү өтүп кеткен азыктарды сатып алганы жана аларды жаңы жана эксклюзивдүү продукциялар катары тариздегени аныкталган. Азыктар өлкөгө колдонууга жарактуу товарлар менен кошо аралаш жүктөрдүн курамында келип, импорттук көзөмөл баскычында текшерүү иштерин татаалдаткан.
Европадан – италиялык соустар, сырлар, деңиз азыктары, түрдүү деликатестер, өсүмдүк майлары жана башка азык-түлүктөр катары көрсөтүлгөн продукциялар, иш жүзүндө жарандардын ден соолугуна коркунуч жаратуучу зыяндуу жасалма тамак-аш азыктары болгон.
Зыяндуу азыктардын негизги сатып алуучулары – өлкө боюнча ири базарлар, Бишкектеги элиталык кафелер, ресторандар жана кофе ичүүчү жайлар болуп, мөөнөтү өтүп кеткен азыктар «чет өлкөдөн келген деликатес» деген жасалма шылтоо менен керектөөчүлөрдүн дасторкондорунан орун тапкан.
Тинтүү учурунда, аталган компаниянын төмөнкү даректердеги кампаларында: Бишкек шаары, Набережная көч., 16; Жукеева-Пудовкина көч., 616 (Корзинка дүкөнү); Интергельпо көч., 1-үйдө – сактоо мөөнөтү өтүп кеткен жана контрафакттык азыктардын ири көлөмү, жарактуулук мөөнөтүн өзгөртүүчү лабораториясы, оргтехника жана оригиналдуу этикеткаларды бурмалоо үчүн шаймандар, чекене түйүндөр жана онлайн платформалар аркылуу жүргүзүлгөн массалык сатуулар боюнча иш кагаздары табылган.
"КРУлуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүк продукцияларын мыйзамсыз алып келүүнүн жана сатуунун ири масштабдуу схемасына бөгөт коюу боюнча өткөрүлгөн ийгиликтүү операциясынын жыйынтыгы боюнча — 2025-жылдын 27-ноябрында баардык конфискацияланган, мөөнөтү өтүп кеткен продукциялар КР УКМК жана КР Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен биргелешкен көзөмөлүнүн астында жок кылынган", - деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен продукцияларды жок кылуу бардык экологиялык коопсуздук шарттарын сактоо жана айлана-чөйрөнүн булганышынын алдын алуу менен жүргүзүлдү.