Кыргызстанда уюшкан кылмыштуу топторго катуу күрөш жарыяланганына төрт жылдай болду. Бул убакыт аралыгында кылмыштуу топтордон коомчулук тазаланып, мыйзамга баш ийбей, жеке мыйзамы менен жашоого умтулгандар темир тор артына жөнөтүлдү. 

Бул күрөштүн башында турган УКМК төрагасы ушул жылдын август айында "смотрящий", "положенец" дегендер түрмөлөрдө да болбой турганын, ал жакка да тартип орнотулуп, буга чейин өздөрүн абактын "ханы" сезип алгандар учурда "кирпич бышырып" жүргөнүн билдирген. 

"Ушундай болушу керек эле, мындан ары да ушундай болот!" - деген Камчыбек Ташиев. 

Чүй облусунун Беловодское айылында жайгашкан №16 түзөтүү мекемесине "Регион" телеканалынын кабарчылары барып, соттолуучулардын жашоосу тууралуу сюжет тартышкан. Аталган мекеменин жетекчиси Нурланбек Аккаровдун айтымында, абакта бүгүнкү күндө 700дүн тегерегиндеги соттолуучу жаза мөөнөтүн өтөп жатат. Азыр бул жерде соттолуучулардын баары бирдей: эч ким "смотрящий" же "положенец" эмес, жазылбаган мыйзамдар жок, баары бирдей эреже-тартипке баш ийишет. Ошондой эле алар иш менен камсыз болушкан. 

"Бизде өндүрүштүн он түрү бар: кыш өндүрүүчү завод - бир жылда 5 миллионго жакын кыш чыгардык, тоок ферма, эмерек жасоочу цех, тигүү цехи, ширетүүчү цех, макарон, пельмен өндүрүүчү цех ж.б. Айрымдары пилоттук режимде ишке киргизилген. Биз соттолуучулар менен сүйлөшүп, кимдин колунан эмне келсе, ошол багыттагы ишкана ачууга аракеттенип жатабыз", - деди ал. 

Бул өлкөдөгү бир гана абактын мисалы. Башка абактар дагы ушул багытты карманышып, ички тартипти бекем орнотушууда. А мунун баарынын башында Камчыбек Ташиев жана анын темирдей эрки турат. Ал төрт жыл мурда: "Буга чейин уюшкан кылмыштуу топтор баарын чечип калышкан. Атүгүл мамлекеттик кызматка кимди дайындоо керек экенин, ким министр, ким депутат болуп шайланат, өлкөдө кандай бизнес өнүгүшү керек – баарын алар чечишкен. Мындан ары андай болбойт. “Смотрящий”, “положенец” дегендер болбойт. Эгер кимдир бирөө мыйзамдагы ууру болгусу келсе, анда башка өлкөгө барып жашасын", - деп айткан. Бул ишке ашты. Андан кийин абактарга тартип орнотуу боюнча, соттолуучулардын баары бирдей жаза мөөнөтүн өтөшү керектигин билдирген. Ал дагы ишке ашууда.