(Сүрөттө: Америка кино режиссёру Роджер Янг менен)
- Өмүрзак Жолдош уулу, сиз бир нече коомдук-саясий гезит-журналдарды жетектеп, кийин кино тармагына өтүп, "Президент жана бомж-1-2-3", "Москва сүйүүсү", Миллионердин сүйүүсү", "Төңкөрүш", Манастын уулу Семетей", "Сүйүү жана байлык" ("Президенттин сүйгөнү") аттуу ызы-чуу түшүргөн көркөм жана бир катар саясий даректүү фильмдерди тартып, акыркы 2-3 жылдан бери "Манас" эл аралык долбоору менен Америка, Европа, Азия өлкөлөрүндө жүргөнүңүз белгилүү. Жакында Кыргызстанда кино күнү белгиленип, эми "Манас" эпосунун күнү майрамдалганы турат. Ошондон улам чыгармачылыгыңыздагы жаңылыктар менен бөлүшсөңүз.
- "Манас" көркөм фильмин Америка, Кытай, Түркия кино компаниялары менен биргелешип тартуу боюнча бир топ убакыт бою сүйлөшүүлөр жүрүп, буйруса, жакында долбоор башталат. Ошондой эле "Манастын уулу Семетей" тасмасы эл аралык компания аркылуу жаңы жылдан кийин бир канча тилде бир канча өлкөлүктөргө тартууланат. Көркөм фильмдерден тышкары эл аралык уюмдардын тапшырмасы менен бир нече даректүү фильмдерди даярдап атабыз.
- Коомдук-саясий көркөм тасмалардан тышкары 2010-2020-жылдардагы Кыргыз революциялары тууралуу даректүү тасмаларды тарткансыз. Эл аралык чөйрөдө жүргөн ишмер катары Кыргызстандагы учурдагы курчуп аткан саясий кырдаал тууралуу эмне айта аласыз?
- Кыргызстанда саясий абал курчуп атканынан албетте, кабардарбыз. Чет өлкөдөгү жердештер менен дайыма кызуу талкуулайбыз. Оппозиция көтөрүп аткан кымбатчылык, сөз эркиндиги жаңылык деле эмес, көптөн бери эле сөз болуп келаткан темалар. Кытай көбөйүп атканы чындап элдин бүйүрүн кызытып, тынчсыздандырат. Мындан жарым жыл мурда Нью-Йорктон Ташкентке учуп түшүп, Өзбекстандан Казакстанга өткөнү чек арага келсек, кытай калкы жайнап кеткени таңданткан. Демек, кытай Кыргызстанда гана эмес, Казакстан, Өзбекстан, Россия өлкөлөрүндө да көбөйдү. Бул геосаясат. Трамп айтпады беле президенттик кызматка жаңы отурган тушта:"Биз Россия менен мамилени оңдоп, Кытайдан өзүбүзгө жакындатышыбыз керек", - деп. Эми Америка Россия менен өз ара кызматташууну жөнгө салып, Украинадагы согушту токтоткондон кийин Орто Азиядагы саясат да өзгөрүүгө учураса керек.
- Демек, Кыргызстанда төртүнчү революцияга негиз жок?
- Кыргызстан сыяктуу чакан өлкөлөрдөгү революциялар негизинен дүйнөлүк ири державалардын кийлигишүүлөрү менен жүзөгө ашырылып келгенин эске алганда, азыркы учурда андай ызы-чуу бышып-жетилген маселеге кирбейт.
- "Манас" долбоору менен алектенген кино ишмери катары Жалал-Абад шаарынын Манас деп которулганын кандай кабыл алдыңыз?
- Кыргызстаныбыздын ири шаарларынын бирине улуу Манас ысымы ыйгарылганына абдан кубандым. Бул мыкты, көрөгөч чечим болду. Камчыбек Ташиев туура айтты: "Манас жалаң Таластыкы эмес, жамы Кыргыздыкы", - деп. Камчыбек Кыдыршаевич өзү жалалабаддык болуп туруп, трайбализмден бийик туруп Манас ысымын туулган жерине алып барганы - саясий чоң эрдик.
(Сүрөттө: Түркия кино продюсери Израфил Куралай менен)