Эми айдоочулук күбөлүктү “Түндүк” тиркемеси аркылуу аралыктан алмаштырса болот. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев билдирди.
Анын айтымында, санариптик кызмат жарандардын убактысын үнөмдөп, мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү процессин дагы да ыңгайлуу жана жеткиликтүү кылат.
“Карапайым жарандар үйүнөн чыкпай туруп эле бардык керектүү мамлекеттик кызматтарды ала турган деңгээлге жетишибиз зарыл. Санариптештирүү бул бюрократияны кыскартуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү эл үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу деңгээлге чыгаруунун негизги жолу болуп саналат. Эми жарандар үйдөн чыкпай эле айдоочулукту күбөлүктү алмаштырып, “Унаада” да кезек күткөн жарандар азайды”,-деди ал.
Булак: govori.tv