Мирмахмудов айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Г.Ш.М. кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматта айтылгандай, кармоо К.Досонов ("Дженго" каймана аты менен белгилүү) жетектеген уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) ишмердүүлүгүн каржылоо боюнча козголгон кылмыш ишин тергөөнүн алкагында болгон.
Белгиленгендей, Г.Ш.М. аффилирленген адамдар аркылуу "Ноокат Универсал Базар" ЖЧКсынын коммерциялык түзүмүнөн киреше алып, аны аталган уюшкан кылмыштуу топту каржылоого жумшаган.
Ыкчам иликтөө иш-чаралардын жыйынтыгында, "Ноокат Универсал Базар" ЖЧКсынын балансында турган 14 276,28 м2 аянттагы жер тилкеси, ошондой эле Г.Ш.М.га таандык болгон 2005-жылкы Lexus GX470 унаасы мамлекеттин менчигине кайтарылды.
Тергөө уланууда, аны менен катар кылмыштуу топтун бардык катышуучуларын жана каржылоо булактарын аныктоо боюнча чаралар көрүлүүдө.
КР УКМК эскертет: кызмат ордуна же статусуна карабастан, уюшкан кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөш уланууда.