Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборуна 10 кызматтык унаа тапшырды.
"Өткөндө келгенимде "автоунаа токтотуучу жайыбыз абдан начар болуп кетти, оңдоого жардам берип койсоңуздар" деп сурандыңыздар эле. Ал бүттү, жакшы болуп калыптырбы? Дагы эмне керек дегенимде, "Бизге бир кызматтык унаа бериңиздерчи", - деп абдан жупуну сурагансыздар. Аныңыздарга бир чети таң калсам, бир чети ыраазы болдум. Бир эле машина сурадыңыздар эле, биз минтип он машина алып келдик", - деди Камчыбек Ташиев.
Ошондой эле, ал борбордун директорунан медициналык жабдыктарды алып берүүсүн суранган кат алганын, ал сураныч да аткарыла турганын кошумчалады.
Аталган борборго автоунаалардын берилиши — оор абалдагы аялдар менен балдарды кабыл алган борбордун нөөмөттүк бригадаларынын өз убагында чыгышын камсыздап, оперативдүүлүктү жана коопсуздукту жогорулатууга багытталган маанилүү кадам. Бул транспорт кызматкерлердин тез жетүүсүнө шарт түзүп, борбордун ишинин үзгүлтүксүз жүрүшүнө өбөлгө болот.