Ош облусундагы Алай районунда өспүрүмдөрдн катышуусунда жол кырсыгы катталып, унаа 19 метр бийиктиктеги жардан кулап кетти. Анда 17 жаштагы өспүрүм каза болду.
Ош облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнн тактоосу боюнча, жол кырсыгы 16-ноябрда Таш-Коро айылында болгон. 16 жаштагы Б.А. аттуу өспүрүм Toyota Camry үлгүсүндөгү унааны башкарып баратып, рулга ээ боло албай калганы айтылат.
Төрт өспүрүм ооруканага жеткирилди.
Булак: koom.press