Бүгүн, 17-ноябрь күнү Кыргыз футбол биримдигинин Президенти Ташиев Камчыбек Кыдыршаевич Кыргыз Республикасынын Премьер-Лигасына катышкан клубдардын жетекчилиги менен жолугушуу өткөрдү.

Аталган биримдиктин маалыматына караганда, жыйынга КФБ, КПФЛ жетекчилиги жана «Дордой» (Бишкек ш.), «Алга» (Бишкек ш.), «Илбирс» (Бишкек ш.), «Бишкек Сити» (Бишкек ш.), «Азиягол» (Бишкек ш.), «Кыргызалтын» (Кара-Балта ш.), «Абдыш-Ата» (Кант ш.), «Талант» (Беш-Күңгөй а.), Нефтчи («Кочкор-Ата» ш.), «Мурас Юнайтед» (Манас ш.), «Өзгөн» (Өзгөн ш.), «Алай» (Ош ш.), «ОшМУ» (Ош ш.), «Барс» (Каракол ш.), «Токтогул» (Токтогул ш.), «Азия» (Талас ш.) футбол клубдарынын жетекчилери катышты.

Белгилей кетсек, келээрки футбол сезонуна карата Кыргыз Премьер-Лигасынын катышкан клубдардын саны толукталды. Эске салсак, 2025-жылкы сезондо өлкөнүн башкы чемпионатында 14 клуб ойногон. Улуттук лигадан Премьер-Лигага жолдомо алган «Токтогул» (Токтогул шаары) футбол клубунан кийин, чемпионатка Талас шаарын өкүлчүлүк кылган «Азия» клубу да расмий кошулду. Талас шаарынын «Азия» клубун түзүү боюнча КФБнын демилгесин Бабанов Өмүрбек Токтогулович колдогон. Муну менен биринчиликте ойной турган клубдардын саны 16га жетти.

Жыйындын жүрүшүндө Кыргыз Профессионалдык футбол лигасынын 2025-жылкы сезон боюнча отчету, Кыргыз футбол биримдигинин футбол инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча отчету угулду. Кошумчалай, КПФЛ 2026-жылкы спорттук сезон боюнча пландарын сунуштады.

Андан сырткары, жыйын учурунда чемпионаттардын аталыштарын өзгөртүү боюнча чечим маалымдалды. Чечимге ылайык, «Премьер-Лига» «Жогорку Лигага», ал эмм «Улуттук Лига» - «Биринчи Лигага» өзгөртүлдү.

Ал эми, жаңы сезондон тарта Биринчи Лиганын жеңүүчүсү Жогорку Лигага түз жолдомо алса, анда акыркы - 16-орунду ээлеген команда Биринчи Лигага түшөт. Аталган жаңыртуу да бүгүнкү жыйын катышуучуларына маалымдалды.