10-ноябрдан 16-ноябрга чейин алдын ала маалымат боюнча, өлкө аймагында 26 365 жол эрежесин бузуу фактысы катталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражаттарын башкаруу – 2 177;
  • мас абалында авто таранспорт каражатын башкаруу – 336;
  • авто унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 162;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 1 122;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 925;
  • авто ээнбаштык – 19;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 029;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 7;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 10 369;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 4 219 унаа айып короосуна токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Булак: govori.tv