Бишкекте курулуш компанияларынын бирине 423 миң сом айып салынып, иши токтотулду.
Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматы боюнча, курулуш объектилерин текшерүүдө Токмок көчөсү 45, 47 жана Загорская көчөсү 22, 24 дарегинде курулуп жаткан 9 кабаттуу турак үйдө курулуш нормаларынын бузулгандыгы жана долбоордон сырткары иш жүргүзүлгөндүгү аныкталган. Ошондой эле Мичурин 27 дарегинде курулуп жаткан 9 кабаттуу объектиде дагы долбоордон сырткары курулуш иштери жүргүзүлгөн.
Натыйжада эки объектинин курулуш иштерин жүргүзгөн «Стальмонтаж плюс» ЖЧКсына карата башкармалык тарабынан акт түзүлүп, 423 миң сом өлчөмүндө айып салынды. Ошондой эле башкармалык тарабынан жазуу түрүндө эскертүу берилип, компаниянын лицензиясы курулуш объектиси долбоорго ылайык келтирилгенге чейин токтотулду.
Булак: govori.tv