Түнкү убакта элге тынчтык берүүгө багытталган мыйзам бардык жерде аткарылбай жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев “Регион ТВ” телеканалына берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, токтомго ылайык, кечки саат 22:00дөн кийин бардык той, оюн-зоок иш-чаралары, түнкү клубдар жана кафелер ишин токтотушу керек. Анткени, элге саат 22:00дөн 07:00гө чейин тынчтык шарттары камсыздалууга тийиш.
"Тилекке каршы, бул талап аткарылбай жатат. Жакында кесиптешимдин тоюна барсам, той түнкү 00:00гө чейин уланды, эч ким кийлигишкен жок. Башка бир тууганымдын тою да 23:00гө чейин созулду. Бул токтомдун аткарылбай жатканын далилдейт. Мындай учурларга жооптуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тагыраагы акимдер, мэрлер жана облус жетекчилери", - деди Ташиев.
Ал жергиликтүү жетекчилерге катуу эскертүү берип, эгер талап аткарылбаса, тойканалардын жана кафелердин электр жарыгын саат 22:10дө өчүрүүнү тапшырды.
“Жергиликтүү бийлик органдарына эскертүү берем. Мындан кийин бардык кафе, тойкана, түнкү клуб, оюн-зооктор 22:00дө ишмердүүлүгүн токтотушу керек. Эгерде токтотпосо светтерин өчүрүп койгула. Саат 22:10дө бардык тойкана, кафелердин свети өчүрүлсүн. Эгерде жыйнай турган болсоңор, эртеси күнү эрте менен эрте келип жыйнап, тазалагыла”,-деди ал.
Булак: Кабар