{{ item.title }}

     КР УКМК делегациясы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму жана Бириккен Улуттар Уюмунун Терроризмге каршы күрөшүү борбору тарабынан уюштурулган иш-чараларга катышып, Австрияда жумушчу жолугушууларды өткөрдү.
       2025-жылдын 5-7-ноябрында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) катчылыгынын чакыруусу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) делегациясы Австриянын Вена шаарындагы ЕККУнун катчылыгында өткөн жүргүнчүлөрдүн маалыматтары боюнча ЕККУнун тогузунчу семинарына жана Чыгыш Европа жана Борбордук Азия бейрасмий жумушчу тобунун бешинчи жыйынына катышты.
       Иш-чаралар БУУнун Терроризмге каршы күрөшүү башкармалыгы менен биргеликте уюштурулуп, ЕККУга мүчө 57 мамлекеттен 180ден ашык катышуучуну чогултту. Семинарда жана жолугушууда эл аралык кылмыштуу топтордун мүчөлөрүн жана жеке адамдарды аныктоо үчүн биометрикалык таануу системаларын колдонуу боюнча 40тан ашык презентация жана баяндамалар жасалды.
       УКМКнын делегациясы 18 өлкөдөн турган топтун төрагасынын орун басары катары Кыргыз Республикасында API/PNR системасын ишке ашыруунун жүрүшү боюнча бир катар презентацияларды жасап, чет элдик террористтик согушкерлердин кыймылынын алдын алуу жана Интерпол менен өз ара аракеттенүү боюнча улуттук тажрыйбаны сунуштады.
       Мындан тышкары, КРнын Австриядагы элчилигинин жардамы менен 2025-жылдын 6-ноябрында Австриянын каржы министринин орун басары Андреас Рейххардт менен жолугушуу өткөрүлдү. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар терроризмди каржылоого жана   кылмыштуу кирешелерди легализациялоого (адалдоого) каршы күрөшүү чараларын, ошондой эле каржылык тобокелдиктерди азайтуу жана каржылык агымдарды коргоо боюнча биргелешкен демилгелерди талкуулашты.
       Мындан тышкары, УКМК менен австриялык компаниялардын өкүлдөрүнүн ортосунда жумушчу жолугушуу болуп өттү, анда киберкоопсуздук жаатындагы инновациялык чечимдер сунушталды жана маанилүү инфраструктураны коргоо чөйрөсүндөгү кызматташтыктын перспективалары каралды. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча австриялык компаниялар Кыргыз Республикасына 2025-жылдын 24-25-ноябрында келишет.