Бишкектеги Фучик көчөсүнүн кесилиштери эки күнгө жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу, 8–9-ноябрда Фучик көчөсү, Жибек Жолу проспектиси жана Профсоюз көчөсүнүн кесилиштери убактылуу жабылат.
«Урматтуу шаар тургундары, бул убактылуу ыңгайсыздыктарды түшүнүү менен кабыл алууңуздарды суранабыз»,-деп айтылат маалыматта.
Булак: govori.tv