Бишкекте аялдамаларга токтогон унааларга каршы рейд башталды. Бул тууралуу «Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм» ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин тапшырмасы менен «Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм» ишканасы аялдамаларга жана коомдук транспорттун алдына токтоп, кыймылга тоскоолдук жараткан унааларга каршы масштабдуу рейд баштады.

Кошумчалангандай, коомдук транспорттун аялдамаларга токтоосуна тоскоолдук жараткан унаалар эвакуаторлор менен алынат.

Булак: govori.tv