Кечээ, 5-ноябрда Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы чет мамлекеттерде добуш берүү үчүн дагы 3 шайлоо тилкесин түзүү жөнүндө токтом кабыл алды. Бул тууралуу БШКнын маалымат кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, жаңы шайлоо тилкелери Казакстандын Алматы, Тараз жана Шымкент шаарларында ачылды. Муну менен чет өлкөлөрдө жалпысынан 100 шайлоо тилкеси ачылды.
Ал эми 18-октябрда БШК Кыргызстандын чет өлкөлөрдө жашаган жарандарынын добуш берүүсүн уюштуруу үчүн 71 шайлоо тилкесин түзүүнү бекиткен. 24-октябрда жана 27-октябрда кошумча 20 жана 6 шайлоо тилкеси түзүлгөн.
Эске салсак, шайлоо ушул жылдын 30-ноябрында өтөт. Үгүт иштерине 10-ноябрда старт берилет.
Булак: koom.press