Бишкекте "Рулда" рейди учурунда бир түндө 1 168 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • мас абалда унаа башкарган 37 айдоочу;
  • тиешелүү документи жок унаа башкарган 40 айдоочу;
  • ар кандай жол эрежелерин бузуулар үчүн 368 унаа айып короого токтотулган.

Белгиленгендей, профилактикалык рейд күн сайын өткөрүлүп, жол кырсыктарынын алдын алуу жана коомдук тартипти камсыздоо максатын көздөйт.

Булак: Кабар