Төө-Ашуу, Ала-Бел жана Өтмөк ашууларында оор жүк ташуучу унааларга киргизилген убактылуу чектөө күчүндө. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, “Кыргызавтожол-Түштүк” жана “Кыргызавтожол-Түндүк” ишканалары тарабынан кум-туз аралашмасын себүү жумуштары аткарылып жатат.
Министрлик айдоочуларды жол эрежесин так сактоого жана унаа дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырууга чакырат.
Белгилей кетсек, аба ырайынын кескин өзгөрүшүнөн улам көпчүлүк аймактарда кар жаап жатат.
Булак: Кабар