Бүгүн, 30-октябрга караган түнү саат 01:30 чамасында, Бишкек шаарында болгон жол кырсыгынын натыйжасында алты өспүрүм жабыркады. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Осмонкул көчөсүндө жүрүп бараткан Hyundai Sonata үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу башкаруусун жоготуп, трансформатор жайгашкан күркөгө жана үйдүн тосмосуна урулган.

Кырсыктын кесепетинен унаадагы алты өспүрүм оор жаракат алып, ооруканага жеткирилген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, унааны жашы жете элек айдоочу башкарган. Анын өздүгү такталып жатат. Унаа айып токтотуучу жайга коюлган.

Эске салсак, буга чейин дагы Бишкекте өспүрүмдөрдүн катышуусунда бир нече жол кырсыктары катталган:

  • Бир күн мурда, ЖЭБдин жанында болгон кырсыктан эки мектеп окуучусу каза тапкан;

  • 18-октябрда Бөкөнбаев жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде 17 жаштагы айдоочу катышкан кырсыктан 13 жаштагы бала көз жумган.

    Милициянын кайгуул кызматы ата-энелерди балдарын көзөмөлдөөгө жана жашы жете электерге унаа башкарууга жол бербөөгө чакырат.

Булак: koom.press