2025-жылы 9 ай ичинде «Коопсуз шаар» долбоорунун камераларына түшүп калган айдоочулар 1 млрд 130 млн сомго жакын айып пул төлөдү. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, жол эрежесин бузуп  камера тартып калып, айыпка илинген айдоочулар былтыр январь-сентябрь айларында 686.3 млн сомдон ашык айып пул төлөгөн.

2024-жылга салыштырганда быйыл бюджетке айып пулдан 443.6 млн сомго көбүрөөк каражат түштү.

Булак: 7 канал