Ноокатта мыйзамсыз менчиктештирилген жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирет.

Маалыматка ылайык, Ноокат районунун прокуратурасы тарабынан текшерүү жүргүзүлүп, анда Т.Кулатов айыл аймагында жайгашкан “Абшыр-Ата” турбазасынын 8183 чарчы метр жер тилкеси 2006-жылы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткендиги аныкталган.

Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында, баасы 69,6 млн сом болгон “Абшыр-Ата” турбазасынын жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды.

Булак: Кабар