Бүгүн, 2025-жылдын 23-октябрында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК Төрагасы генерал-полковник К.К.Ташиев Нарын райондук электр тармактар ишканасынын имаратынын ачылыш аземине катышып, кызыл тасмасын кести.
Жаңы имарат Нарын шаарынын борбордук бөлүгүндө, заманбап архитектуралык талаптарга ылайык курулуп, жалпы аянты 919 чарчы метрди түзөт. Объект үч кабаттуу болуп, бардык инженердик-коммуникациялык системалар менен камсыздалган. Курулуш иштери 2025-жылдын экинчи кварталында башталып, төртүнчү кварталында толук аякталып, пайдаланууга берилди. Объекттин жалпы өздүк наркы 55,25 млн сомду түзөт.
Имараттын ичин жана сыртын кооздоодо энергия үнөмдөөчү материалдар жана заманбап жасалгалоо ыкмалары колдонулган. Курулушка «Кыргызстан улуттук электр тарамактар» ишканасынын өздүк каражатынан 55 миллион 250 миң сом жумшалган.
Генерал-полковник К.Ташиев имараттын ичинде түзүлгөн шарттар менен таанышып чыгып, азыркы тапта бул тармакта аткарылып жаткан иштерге токтолду. Төрага бул жылы суу аз топтолгонуна карабай, электр энергиясын үзгүлтүккө учуратпай жарык менен камсыз кылууга чакырды.
Белгилей кетсек, кызматкерлердин эмгек шарттарын жакшыртуу максатында мындай имараттар Ат-Башы жана Жумгал электр тармактарына дагы курулууда. Мындан тышкары Кочкор районуна темир-бетон ишканасы, ремонттук цех, Ат-Башы жана Нарын райондоруна 110/35/10 кВ көмөк чордон менен быйыл Нарын облусунун энергетика тармагында 8 объектти куруу пландалган.