Кара-Кулжа районунун милиция кызматкерлери ит тиштеп алган сегиз жаштагы баланын өлүмүн иликтеп жатат. Ит баланын чоң атасына да кол салган.
Райондук ветеринардык башкармалыктын маалыматы боюнча, ит буга чейин агрессивдүү деп эсептелгенине карабай бош кармалып келген, бирок анын ээси аны таңкы саат 8:00дөн кечки 21:00гө чейин чынжыр менен кармап турууга милдеттүү болчу. Бул окуядан кийин жаныбар изоляцияланып, он күн байкоого алынган. Иттен кутурма оорусунун белгилери табылган эмес.
Райондук жалпы дарыгерлер борборунан билдиришкендей, бала ооруканага жетпей каза болгон. Дарыгерлер аны окуя болгон жерден каза болгонун айтышкан, бирок туугандары маркумдун сөөгүн Кара-Көлдүн ооруканасына жеткирип, дарыгерлер каза болгонун тастыкташкан.
Баланын чоң атасына медициналык жардам көрсөтүлүп, кутурмага каршы эмдөө алган.
Каргашалуу окуя 22-октябрдын кечинде болуп, баланын өлүмү иликтенип, экспертизалар дайындалды.
Булак: 24.kg