{{ item.title }}

 Бүгүн, 2025-жылдын 23-октябрында КР Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары- УКМК Төрагасы генерал-полковник К.Ташиев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Нарын шаарындагы автобекетти пайдаланууга берди. 
        Вокзалдын капиталдык оңдоо долбоору Президенттин иш башкармалыгы тарабынан көзөмөлдөнүп, ага Президенттин турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 53 млн сом жумшалган. 
        Автобекеттин ичинде жүргүнчүлөр үчүн заманбап шарттар түзүлүп, жылууланып, атайын кондиционерлер коюлган. Ошондой эле экинчи кабатында алыстан келген айдоочулар үчүн эс алуу бөлмөлөрү уюштурулган. Мындай шарттар тейлөө кызматын жакшыртат деп күтүлүүдө.
        Өз кезегинде УКМК Төрагасы элге сапаттуу кызмат көрсөтүү, шарт түзүү жана тейлөө башкы максат экенин белгилеп, заман талабына жооп берген шарттары бар бул сыяктуу автобекет айрым аймактарда жок экенин кошумчалады.  Андыктан УКМК Төрагасы жаңы объекттерди сарамжалдуу колдонуу зарылдыгын баса белгиледи.

{{ item.title }}{{ item.title }}