22-октябрда саат 13:33тө Нарын облусунун аймагында 3 баллдык жер титирөө болду.

Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Өзгөрүш айылынан 30 км түштүк-чыгышта, Нарын шаарынан 62 км түштүк-чыгышта жайгашкан.

Анын күчү калктуу конуштарда сезилген жок.

Булак: Баракелде