Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Бишкек шаарында 2025-жылдын 22-24-октябрь күндөрү президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен бекитилген республикалык команда-штабдык машыгуусун өткөрөт.
ӨКМдин маалыматы боюнча, бул жолку маштабдуу машыгуу жер титирөөнүн оор кесепеттеринен коргонуу, алдын алууга даярдыкты күчөтүүгө багытталат. Анын жүрүшүндө борбор калаанын калктуу конуштарында элге кабарлоо системасы аркылуу сирена үндөрү жаңырат.
Ошого байланыштуу, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шаар тургундары жана конокторуна сиренанын үнүнө тынчсызданбоону, дүрбөлөңгө түшпөөнү алдын ала эскертет.
Булак: govori.tv