Бишкекте үч сааттын ичинде айдоочуларга 465 миң сом өлчөмүндө айып салынды.
Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынан билдиришкендей, бүгүн таң эрте Лев Толстой жана Чапаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол тыгынын жөнгө салуу учурунда жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери тарабынан 31 айдоочу одоно түрдө жол эрежесин бузганы аныкталды.
Алардын баары каршы тилкеге чыгып, жол эрежесин бузушкан. Ар бирине тиешелүү протоколдор түзүлүп, жалпы салынган айыптын суммасы 465 миң сомду түздү.
Бул иштердин бардыгы болжол менен үч сааттын ичинде жүргүзүлдү.
Булак: govori.tv