
КР УКМК тарабынан жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын натыйжасында Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаарындагы бала бакча жана маданият үйү мамлекетке кайтарылды.
Буга чейин, 1999-жылы Кайыңды шаарындагы бала бакча жана маданият үйү мыйзамсыз түрдө «А.В.Ш.» аттуу жаранга өткөрүлүп берилгени аныкталган.
Жүргүзүлгөн текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө бала бакчанын жана маданият үйүнүн ээси жалпы аянты 2 миң гектардан ашык социалдык объектилерди мыйзамсыз менчиктештирүү фактысын мойнуна алып, аталган объектилер менен бирге баасы 641 млн 449 миң сомду түзгөн 1,25 гектар жер тилкелерин Панфилов районунун Кайыңды шаарынын балансына өз ыктыяры менен өткөрүп берди.
КР УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген мүлктөрдү аныктоо жана мамлекетке кайтаруу боюнча иштерди улантууда.
